Химия илимпоздорун жана химия өнөр жайынын кызматкерлерин кесиптик майрамы менен чын жүрөктөн куттуктайбыз!
Биздин компанияда жогорку деңгээлдеги кесипкөй химиктер эмгектенип жаткандыгына биз сыймыктанабыз. Алар инновациялык препараттардын формулировкаларын иштеп чыгышат, эң жаңы пестициддерди өндүрүү технологияларын өздөштүрүшөт, бул жыл сайын айыл чарбасына абдан керектүү продукциянын чыгарылышынын көбөйүшүнө өбөлгө түзөт. "Августа" заводдорунда өндүрүлгөн өсүмдүктөрдү коргоо каражаттары Россиянын жана дүйнөнүн башка өлкөлөрүнүн дыйкандарына жогорку жана сапаттуу түшүм алууга жардам берет.
Биз россиялык химиктерге жаңы илимий бийиктиктерди багынтууну, эң тайманбас өндүрүштүк долбоорлорду турмушка ашырууну, бакубатчылыкты жана чың ден-соолукту каалайбыз!